Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 13, 2025Медакадемиянын проректору аялын урду деген шек менен кармалды
-
Декабрь 12, 2025Зеленский Донбасс маселеси чечилбей жатканын айтты
-
Декабрь 12, 2025Активист Айбек Теңизбай эки айга камалды
-
Декабрь 12, 2025Байрон бороону Газадагы гуманитардык абалды курчутту
-
Декабрь 11, 2025Киев АКШга тынчтык планынын соңку вариантын бердиби?
-
Декабрь 11, 2025Адахан Мадумаров 150 миң доллардын чоо-жайын айтты