"Сөөктүн бетин ачтырган жок". Айсулуунун аянычтуу өлүмү
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Ал жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу маселесин көтөрдү. Украинада Орусия оккупациялаган Запорожье АЭСде абал курчуду. Орус аскерлеринин аткылоосунан улам жети күндөн бери станциянын электр зымдарын калыбына келтирүү мүмкүн болбой жатат. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен эки тараптан алмашкан үйлөрдү өткөрүү жараяны башталды. Тажикстандан кыргыз тарапка өтө турган 190дон ашык турак-үйдүн кырк беши өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жүрүп жатат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 12, 2025Зеленский Донбасс маселеси чечилбей жатканын айтты
-
Декабрь 11, 2025Адахан Мадумаров 150 миң доллардын чоо-жайын айтты
-
Декабрь 10, 2025Украина согуш шартында шайлоо өткөрөбү?
-
Декабрь 09, 2025№26 округда 460 миң сомду ким тараткан?
-
Декабрь 08, 2025БШК Жолдошованы депутат катары каттаган жок
-
Декабрь 08, 2025БШК Жолдошеваны депутат катары каттаган жок
Шерине