Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө кирди


Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун 144-146-чакырым аралыктарында жол тайгак болгондугуна байланыштуу пайда болгон тыгын 14-декабрь, саат 00:34тө толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

13-декабрда унаа тыгыны жаралган. Министрликтин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, жолду тазалашкан. Бул үчүн ӨКМден 37 куткаруучу, 5 техника жеринде иш алып барды.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 13-декабрь, саат 16:45тен тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлагандай, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тазалоо жана кум-туз материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Мунун алдында "Кыргызгидромет" кызматы 13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунда, тактап айтканда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлөрүн эскерткен. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG