Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды


Омар Ливаза.
Омар Ливаза.

Дубайда өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык мушкер Омар Ливаза күмүш медал тагынды. Ал 13-декабрда 63,5 килограмм салмакта финалдык беттеште орусиялык мушкер Илья Попов менен алтын медал үчүн таймашып, жеңилди.

Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатына чыккан алгачкы кыргызстандык. Ал бул чемпионатта төрт атаандашын жеңип, финалга чыккан. Алгач 1/16 финалда өзбекстандык Саят Ильясовду, 1/8 финалда армениялык Нарек Хованнисянды, чейрек финалда азербайжандык Максуд Хасметовду, жарым финалда замбиялык Эммануэл Катемди жеңген.

Бул чемпионатта Омар Ливазадан сырткары кыргызстандык Ихтияр Нишанов коло медал тагынды. Ал 71 килограмм салмакта үч атаандашынын экөөнү нокаут менен жеңип, жарым финалда казакстандык Абылайхан Жусуповго утулуп, үчүнчү орунга ээ болгон.

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюштурган дүйнө чемпионатында ири акчалай сыйлыктар коюлган. 1-орунга 300 миң доллар, 2-орунга 150 миң доллар, 3-орунга 75 миң доллар берилет.

Эл аралык Олимпиада комитети 2016-жылга чейин бокстон мелдештерди өткөрүп келген ошол кездеги AIBAны (учурда IBA) Рио-де-Жанейро Олимпиадасында коррупция болгону аныкталгандан кийин Олимп оюндарынан четтеткен. 2020-жылы ассоциациянын жетекчилигине Орусиянын Бокс федерациясынын башчысы, орус президенти Владимир Путинге жакын Умар Кремлев келген. Бул уюмга 100дөн ашык бокс федерациясы мүчө болгон. Уюм өткөргөн мелдештерге АКШ жана айрым Батыш өлкөлөрүнөн спортчулар келбейт.

2023-жылы апрелде World Boxing уюму түзүлгөн. Былтыр күзүндө Кыргызстан ага мүчө болуп кирди. Ошол эле кезде Бишкек Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюмунан дагы чыккан эмес. Олимпиадага жолдомолор World Boxing уюму өткөргөн мелдештерде берилет. (ECh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG