Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Орусия Украинага 120дан ашык дрон жана ракета менен сокку урду


2025-жылдын 13-декабры.  Украинанын Одесса облусундагы Орусиянын чабуулунун кесепети
2025-жылдын 13-декабры. Украинанын Одесса облусундагы Орусиянын чабуулунун кесепети

Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага 120дан ашык дрон жана бир ракета менен сокку урду.

Бул тууралуу Украинанын аба күчтөрү 14-декабрда билдирди. Маалыматта Украинаны бутага алган учкучсуз аппараттардык 85и "Шахед" үлгүсүндөгү жанкечти дрондор экени айтылат.

"Искандер-М" баллистикалык ракетасы бир жерге, дрон жана анын калдыктары алты жерге тийген. Украин тарап 110 дронду атып түшүргөнүн же кармаганын маалымдады.

Армиянын күнүмдүк маалыматында чабуулдун кесепеттери тууралуу айтылган эмес. Буга чейин Одессага сокку урулуп, Херсондогу аткылоодо үч киши жараат алганы кабарланган.

Ал тапта Украина Орусиянын Краснодар крайындагы мунай заводуна жана Урюпинскидеги мунай базасына сокку урганы тууралуу кабар тарады.

Жекшембинин түнү Орусиянын бир нече аймагынын бийлиги украин дрондорунун чабуулу тууралуу билдиришти. Телеграм-каналдарда ар кандай өнөр жай объектилери бутага алынып, зыян келтирилгени жарыяланды. Бийлик азырынча Волгоград облусунун Урюпинск шаарындагы мунай базасында өрт чыкканын гана тастыктыды.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG