Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга абакка кесилгени белгилүү болду.
Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-октябрда өкүм чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азамат Мариповду 2025-жылдын март айында кармап, ага козголгон иш тууралуу маалымат берген эмес.
Азамат Марипов Фейсбуктун активдүү колдонуучусу болчу. Ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн.
2024-жылы апрель айында өздөрүн “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында “алардын аракетинде кылмыштын курамы жок” деген негиз менен баары тең акталган.
Азамат Марипов бул иш боюнча бир нече жолу кайрылуу кылып “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган. “Каныбек Туманбаевге жакын адамдар буга чейин “Мекенчил” партиясында жүргөн бир нече адамга чагымчылык кылып, карматууга аракет кылган” деп айыптаган.
Кийинчерээк Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында Азамат Мариповду өзүн “шантаж кылууга өттү” деп жазган.
Азамат Марипов камактан чыккандан кийин Фейсбуктагы баракчасынан ушундай эле билдирүүлөрдү жазып, мыйзамсыз камалгандардын укугун коргоо кометети түзүлүп жатканын билдирген.
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров быйыл ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айыпталып кармалып, 30-декабрга чейин камакка алынган. Ал 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлигин коюп, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган эмес. (BTo)
Шерине