Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

АКШда университеттеги ок атууда каза тапкан студенттердин бири өзбекстандык экени аныкталды


Провиденс шаарындагы окуя болгон жердеги полиция кызматкерлери
Провиденс шаарындагы окуя болгон жердеги полиция кызматкерлери

АКШнын Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында жайгашкан Браун университетиндеги ок атууда каза тапкан эки студенттин бири өзбекстандык Мухаммадазиз Умрзаков болуп чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, дипломаттар маркумдун жакындары менен байланышып, америкалык тергөө органдары менен кызматташып жатканын маалымдады.

Маркум аталган университетте биринчи курста окуп жаткан.

13-декабрда куралчан киши Браун университетинин инженер-физика корпусунда ок атып, эки киши каза тапканы, тогузу жараат алганы белгилүү болгон.

Кылмышка шектелип АКШнын армиясында кызмат кылып, көзгө атарлык даярдыктан өткөн 24 жаштагы жаран кармалганы, ал Висконсин штатынын тургуну экени аныкталганы кабарланган. Кийинчерээк жергиликтүү бийлик жана прокуратура ал бошотулганын, далилдер тергөөнүн жүрүшүн башка нукка бурганын билдирген.

Браун - Кошмо Штаттардагы абройлуу менчик университет, өлкөдө түптөлгөн алгачкы жогорку окуу жайлардын бири. Окуя болгон күнү аудиторияда сынак болмок.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG